www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-марттан 27-апрелге чейин Бишкек шаарындагы спорттук базаларда Кыргыз Республикасынын Универсиадасы өткөрүлөт. Иш-чарага өлкөнүн жогорку окуу жайларынан келген 2500–3000ге жакын студент катышып, спорттун 15 түрү боюнча күч сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Универсиаданын расмий ачылыш аземи 12-мартта саат 15:00дө Бишкек шаарындагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өтөт.
Мелдештер Жогорку лига жана I лига форматында уюштурулуп, студенттер төмөнкү спорт түрлөрү боюнча таймашат:
1. Волейбол;
2. Баскетбол;
3. Футзал;
4. Ордо;
5. Тогуз коргоол;
6. Шахмат;
7. Жеңил атлетика;
8. Оор атлетика;
9. Эркин күрөш;
10. Грек-рим күрөшү;
11. Самбо;
12. Дзюдо;
13. Бокс;
14. Кыргыз күрөшү;
15. Стол тенниси.