www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Спорт дүйнөсүндө «бардык учурлардын эң улуусу» деп билинген жана 2016 - жылы 74 жашында каза болгон легендарлуу боксер жана расизмге каршы мусулман активист Мухаммед Алинин аты туулган жери АКШнын Кентуки шаарындагы аэропортко берилет.
Кентукиге караштуу Луисвилля жергиликтүү аэропортунун башкаруу кеңеши кечээ өткөргөн жыйындааэропорттун атын «Луисвилля Мухаммед Али эл аралык аэропорту» деп өзгөртүү чечимин чыгарды.
Мухаммед Алинин жубайы Лонние Али берген маалыматында аэропорттуна Мухаммед Алинин атынын коюлушуна абдан кубангандыгын белгилеп: «Али дүйнө жараны болгонуна карабастан эч качан туулган жерин унуткан жок»,- деди.
Мусулман болгондон мурдагы аты Кассий Марцелл Клэй болгон Мухаммед Али 1942 - жылы 17 –январда расизмдин кыялы абдан күчтүү болгон Луисвилляда төрөлгөн.
22 жашында 1964 - жылы Сонни Листонду жеңген эң жаш дүйнөлүк оор салмактагы бокс чемпиону Клэй жеңишинен кийин ислам динине өткөндүгүн жана атын Мухаммед Али деп өзгөрткөндүгүн билдирди.
Узун убакыт паркинсон оорусу менен күрөшкөн Мухаммед Али дем алуу органдарындагы оорулардан улам дарыланган Аризонанын Финикс шаарындагы бирооруканада 2016 - жылы 3 - июнда каза тапты.
Булак: NazarNews.kg