www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-11-апрелде Москва шаарындагы Улуттук «Россия» борборунда «Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы» аттуу эл аралык форум өтүп жатат. 

Иш-чарага постсоветтик мейкиндиктин 600дөн ашуун өкүлү катышууда. Алар маданий мурасты сактоо, руханий-адептик баалуулуктарды чыңдоо жана салттуу негиздерге таянган келечекти түзүү маселелерин талкуулашууда. 

Катышуучулардын жарымына жакыны чет мамлекеттерден келген – Молдова, Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Абхазия, Сербия жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү форумдун меймандары болууда.

Форумга мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илим жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү, маданият жана искусство жаатындагы адистер катышууда. 

Программада дискуссиялар, панелдик талкуулар жана эксперттик дебаттар орун алган. Алар Евразия аймагында салттуу баалуулуктардын сакталышы, өнүгүү стратегиялары жана учурдагы чакырыктар боюнча ой бөлүшүшөт. Форумду «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму уюштурууда.

Эске салат кетсек, «Евразия» АНО Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүчү уюмдардын катарына кирет.

«Евразия» АНО – автономдуу коммерциялык эмес уюм, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. 

Уюм салттуу баалуулуктарды сактоого, улуттар аралык байланыштарды бекемдөөгө жана коомго пайдалуу демилгелерди колдоого өзгөчө көңүл бурат.

Негизги ишмердүүлүк багыттары:

Билим берүү жана кесиптик өнүгүү: Окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо максатында билим берүү программалары, алмашуу долбоорлору, ири мамлекеттик компанияларда стажировкалар жана медиамектептер уюштурулат.

Маданият жана тарых: Тарыхый жана маданий мурастарды сактоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу.

Кесиптик аянтчалар жана форумдар: Мугалимдер, ЖОЖ окутуучулары үчүн профплатформалар жана форумдар өткөрүлөт.

Журналистика жана блогинг: Журналисттер менен блогерлерге колдоо көрсөтүү, алардын коомго таасирин арттыруучу гранттар жана программалар.

Медицина жана социалдык демилгелер: Коомдук ден соолукка жана социалдык өнүгүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу.

«Евразия» ар кандай маданияттардын өкүлдөрүнө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, эл аралык байланыштарды бекемдөөгө салым кошууда.

Последние новости