www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда «Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы иштей баштагандан бери коомчулукта никаб жана паранжа кийинип жүргөндөргө түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Бүгүн, 10-апрелде, Ош шаардык ички иштер башкармалыгында да бул маселе боюнча иш-чараларды алып баруу үчүн атайын жыйын болду. Ага Ош ШИИБдин ыкчам иштер боюнча орун басары Кожобек Козубаев, УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын адиси Эрлан Базарбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссисынын адиси Акматбек Оморов, Ош шаарынын казысы, Ош шаарындагы диний мекемелердин жана мечит-медреселердин имамдары, МАБдардын өкүлдөрү катышты.

Ушундай түшүндүрүү иш-чаралары 4-апрелде Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда да жүргүзүлгөн.

2025-жылдын 21-январында президент Садыр Жапаров «Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койгон. Ал 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – жарандардын жана диний бирикмелердин ишиндеги укуктарын ишке ашыруу жана жоопкерчиликтерди белгилөө менен диний чөйрөдөгү мыйзам актыларын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» КР мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат.

7-апрель күнү Муфтият билдирүү таратып, никаб жана паранжа кийүү Исламда парз эмес экенин билдирген болчу.

Булак: "eurasiatoday.ru"

Последние новости