www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва шаарында өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин жыйынына Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев жана министрликтин экспорт жана интеграция боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Айдан Багышова катышты.
Жыйындын алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, товарларды маркировкалоо системасын өркүндөтүү жана өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу маселелери талкууланды. Ошондой эле техникалык жөнгө салуу, санариптик чечимдерди киргизүү жана продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу багытында пикир алмашуу болду.
Рустам Балтабаев Кыргызстандын айыл чарба продукциясын тышкы рынокторго чыгарууну активдештирүү, ЕАЭБ алкагындагы кызматташууну кеңейтүү жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.
Жыйындын жыйынтыгында тараптар интеграциялык процесстерди тереңдетүү, өз ара ишенимди бекемдөө жана биргелешкен чечимдерди ырааттуу ишке ашыруу маанилүү экенин белгилешти.