www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жогорулатуу максатында энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча иш-чараларды ырааттуу түрдө ишке ашырууда.

Аталган ишмердүүлүктүн алкагында «Чакан ГЭС» ААК Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууда. Долбоорду каржылоо кредиттик жана гранттык каражаттардын эсебинен камсыздалган. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен тиешелүү макулдашууларга кол коюлган. Долбоордун жалпы баасы 13,8 млн еврону түзөт, анын ичинде 8,8 млн евро кредиттик каражаттар жана 5,0 млн евро грант.

Өткөрүлгөн тендердик жол-жоболордун жыйынтыгында 2025-жылдын 30-декабрында башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation компаниясы менен келишимге кол коюлган. 

Азыркы учурда топографиялык тартуу жана инженердик изилдөөлөр аяктап, долбоордук-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. 
Мындан тышкары, «Чакан ГЭС» ААК Ылдыйкы Тар ГЭСин курууну жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоону камтыган KRED долбоорун ишке ашырууда. Алсак, 2025-жылдын декабрь айында долбоор боюнча техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгуу үчүн Qing Yuan Engineering Consultants Ltd. компаниясы менен консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлуп, 2026-жылдын январь айында жогоруда аталган компаниянын өкүлдөрү жана «Чакан ГЭС» ААКнын адистери объектилердин аянтчаларына биргелешкен иш сапарын жүргүзүшкөн. 

Анын жүрүшүндө аймактар текшерилип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлгөн. Жыйынтыгында баштапкы отчет даярдалып, кабыл алынган, учурда геологиялык изилдөө иштерине жана курулушту долбоорлоо боюнча башкы подрядчыны тандоого техникалык тапшырма даярдалууда.

Эске салсак, KRED долбоорун ишке ашыруу максатында Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасына жеңилдетилген шарттарда 43,2 млн АКШ долларын бөлүп берген.

Последние новости