www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 2-февралында Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматына караштуу балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Москва районунун Беловодское айылында жайгашкан бир катар мектептерде алдын алуу багытындагы иш-чараларды өткөрүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер окуучуларга коомдо өзүн туура алып жүрүү маданияты, алардын укуктары жана милдеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мындан тышкары, укук бузуулардын терс кесепеттери, ошондой эле мыйзамды бузган учурларда каралган жоопкерчилик чаралары боюнча кеңири маалымат берилди.

Иш-чаранын соңунда айрым окуучуларга эскертүүлөр берилип, ар кандай укук бузууларга же коомдук тартипти бузуу фактыларына күбө болгон учурда Чүй ОИИББнын 102 кызматына токтоосуз кабарлоо зарылдыгы эскертилди.

 

Последние новости