www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектептин курулушу башталууда.
Президенттин тапшырмасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен аталган объектилердин курулушу жана долбоордук документтери менен таанышып чыкты.
Алардын бири борбор калаанын Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсү 1 дарегинде курулуп жатат. Долбоор боюнча 750 орунга ылайыкталган мектеп 3 кабаттан туруп, заманбап бардык шарттар каралат. Бүгүнкү күндө курулуштун биринчи этабы кызуу жүрүп жатат.
Министр курулуш иштери менен таанышып, объектинин сапатына жана берилген мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылат.