www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 26–28-март күндөрү Бишкек шаарында «Жасалма интеллект, инновациялар жана санариптик технологияларды колдонуу менен жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес ооруларды интеграцияланган башкаруунун заманбап моделдери» аттуу эл аралык медициналык илимий форум «Миррахимов окуулары» илимий-практикалык конференциясынын алкагында өтүүдө.

Форумдун ачылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, окумуштуулар жана дарыгерлер катышты.

Форум саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат. Анын алкагында жүрөк-кан тамыр жана башка жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо, санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү, ошондой эле медициналык жардам көрсөтүүнүн интеграцияланган моделдерин өнүктүрүү маселелери каралууда.

Форумдун ачылышында сөз сүйлөп жатып, саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес оорулар дүйнө жүзүндө саламаттык сактоо системалары үчүн негизги чакырык бойдон калып жатканын белгиледи.

«Кыргыз Республикасында жүрөк-кан тамыр оорулары жалпы өлүмдүн жарымынан көбүн түзөт, ал эми жугуштуу эмес ооруларды кошкондо өлүм себептеринин 80 пайызына жакынын түзөт. Биздин максат — жөн гана дарылоо эмес, алдын алуу, диагностика жана медициналык жардам көрсөтүү боюнча ыкмаларды системдүү түрдө өзгөртүү», — деди министр.

Ал ошондой эле өлкөдө Президенттин демилгеси жана колдоосу менен «Дени сак жүрөк» программасы ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Форумдун алкагында саламаттык сактоо системасын модернизациялоо жана регионалдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланууда. Тактап айтканда, Балыкчы, Талас жана Нарын шаарларында катетеризациялык лабораторияларды түзүү долбоорлору ишке ашырылууда. Ошондой эле Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту модернизацияланууда.

Форумда санариптештирүү, жасалма интеллектти киргизүү жана жогорку технологиялуу медициналык чечимдерди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле кадрдык потенциалды чыңдоо негизги багыттардын бири болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында илимий сессиялар, тегерек столдор жана мастер-класстар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын рентгенхирургдарынын биринчи съезди өткөрүлөт. Мындан тышкары, алдыңкы эл аралык медициналык борборлор менен кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол коюу пландалууда. Өзгөчө басым эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө, билим алмашууга жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө жасалды.

Форум Шанхай кызматташтык уюмундагы Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында өтүп, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусуна арналган.

Форумдун жыйынтыгында өлүмдү азайтууга, медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана саламаттык сактоо системасына инновациялык технологияларды киргизүүгө багытталган практикалык сунуштар иштелип чыгары күтүлүүдө.

Последние новости