www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Москвадагы салтанаттуу иш-чараларга катышат. Казак лидеринин басма сөз катчысы Айбек Смадияровдун айтымында, Кремль мамлекет башчысынын жумушчу сапарын "достук кадам" деп атаган.
Ошондой эле сапардын алкагында Токаев менен Путиндин өзүнчө жолугушуусу пландаштырылган. Эки лидер май айынын аягында боло турган Орусия президентинин Казакстанга сапарынын алдында стратегиялык кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулашат.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дагы Москвага жумушчу сапар менен жөнөп кетти.
Анын басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын программасына мамлекет башчысынын Жеңиш күнүнүн 81 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышуусу кирет.