www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында жарандардын тынчтыгын бузгандар кармалганын Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «102» кызматына көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда спирт ичимдигин ичкен жарандар ызы-чуу салып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин МЭЖге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1994-жылы туулган К.С. жана 1993-жылы туулган А.Ж. аттуу жарандар аныкталып, райондук башкармалыкка жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде аталган жарандар кармалып, райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.