www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 25-апрелине караган түнү болжол менен саат 02:50 чамасында Ысык-Көл РИИБге Кызыл-Өрүк айыл аймагындагы курулуш объектисинде уурулук фактысы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурулук”) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгисиз адамдар Кызыл-Өрүк айыл аймагында курулуп жаткан күн электр станциясында колдонулуучу жалпы узундугу 119,60 метр болгон 1х185 үлгүсүндөгү электр кабелдерин уурдап кетишкени аныкталган. Келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 1 миллион 800 миң сомду түзгөн.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 4 адамдан турган топ кармалган. Алар Тамчы айылынын 1998-жылы туулган тургундары — Т.К., А.А., Ж.Б. жана Ж.С. болуп чыккан.
Алдын ала суракта шектүүлөр кылмышты алдын ала сүйлөшүү жолу менен жасашканын билдирип, уурдалган кабелдерди түстүү металл кабыл алуучу жайга сатып жиберишкенин айтып, күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алардын дагы 10 уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.
Тергөө амалдары уланууда.