www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Минскте үчүнчү түн катары менен демонстранттар менен тартип сакчылары кагылышууда. Шейшембиде кайрадан кулак тундуруучу гранаталар, көздөн жаш агыуучу газ, резина ок колдонулду. Укук коргоочулар журналисттер сабалып жатканын айтышууда.

Маалыматка ылайык, 11-августта Минскте милиция үч журналистине кол салган. Кармалгандардын баарында Беларус Тышкы иштер министрлиги берген аккредитация болгон. Нааразылык өтүп жаткан жерде бригада мүчөлөрү атайын жилеттерди кийип жүрүшкөн жана ар биринде күбөлүк болгон.

Кара униформачан кишилер журналисттерден аккредитация көрсөтүүнү талап кылышкан. Тартип сакчыларынын бири кабарчынын мойнундагы карточканы жулуп, колундагы камерасын тартып алган. Би-Би-Синин эки журналисти карточканы кайтарып берүүнү сурашкан. Ага жооп иретинде милиция кызматкерлери операторду сабашкан. Бирок журналисттерди кармап кетишкен эмес.

Күбөлөрдүн билдиришинче, Минскте өткөн шейшембидеги акция дүйшөмбүдөгүдөн айырмаланып турду. 10-августта үч жерде көптөгөн кишилер чогулган. 11-августта нааразылыкка чыккан жаштар шаарда чакан-чакан топ болуп, милициянын куугунтугунан сактанып жүрүштү.

Минсктеги протесттердин катышуучуларынын бири “Настоящее время” телеканалына интернеттин чектелгендигинен шаардын башка бөлүктөрүндө эмне болуп жатканы тууралуу маалымат жок экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости