www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жол-транспорт кырсыктары оор жаракаттардын, майыптуулуктун жана өлүмдүн негизги себептеринин бири бойдон калып жатканын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылы өлкө боюнча ар кандай жаракаттар менен стационардык дарылоодон өткөн чоңдордун жана өспүрүмдөрдүн саны 5 012 адамды түзгөн. Алардын 1 280и же 25,5 пайызы жол кырсыктарынан жабыркагандар болгон.

Ал эми 2026-жылдын биринчи кварталында жол кырсыгынан кийин дагы 255 бейтап стационардык дарылоодон өткөн.

Балдардын катышуусундагы жол кырсыктары да олуттуу тынчсызданууну жаратууда. 2025-жылы Шаардык балдар тез медициналык жардам клиникалык ооруканасынын травмпунктуна жол кырсыгынан кийин 1 866 бала кайрылып, алардын 443ү ооруканага жаткырылган.

Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 1 057 бала медициналык жардам алып, алардын 287си стационардык дарылоого муктаж болгон.

Министрлик белгилегендей, жол кырсыгынан жабыркагандарга тез жардам кызматкерлери, реаниматологдор, травматологдор, нейрохирургдар, анестезиологдор жана башка адистер шашылыш медициналык жардам көрсөтүшөт.

Оор жаракаттардан кийин бейтаптарды калыбына келтирүү көп учурда айларга, айрым учурларда жылдарга созулат.

Саламаттык сактоо министрлиги жол кыймылынын бардык катышуучуларын ылдамдык режимин сактоого, коопсуздук курун тагынууга, эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын башкарууда коргоочу шлем колдонууга, мас абалында унаа айдабоого жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Министрликтин белгилешинче, жол кыймылынын эрежелерин так сактоо көптөгөн кырсыктардын жана алардын оор кесепеттеринин алдын алууга мүмкүндүк берет.

Последние новости