www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров 23-февралда кол койгон жарлык менен ички иштер министри Улан Ниязбековго генерал-полковник аскердик наамы ыйгарылды. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин 11-октябрда министр болуп дайындалып, ошондон бери кызматын үзгүлтүксүз аркалап келе жаткан, бирден-бир алмашкыс министр катары коомдун көңүл чордонунда турат. 

Ниязбеков 2022-жылы ошол кездеги УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кошо генерал-лейтенант наамын алган. Азыркы генерал-полковник чини ИИМ системасында алгачкылардын бири болуп ыйгарылганы айтылууда.

Жапаров Ниязбековду “тажрыйбалуу жаш кадр” катары сыпаттап дайындаган. Министр болсо милиция “саясаттан жогору турушу керек” деген позициясын айткан. 

Акыркы саясий кырдаал фонунда ИИМдин таасири күчөп жатканы тууралуу пикирлер айтылууда. Ташиев кызматтан кеткенден кийин ИИМдин атайын бөлүгү УКМК кызматкерлерин кармаган учурлар коомчулукта “маски-шоунун” уланышы катары бааланган. Анткени коомчулукта бир органга ашыкча ыйгарым укук берүү укуктук тең салмакка коркунуч келтирери айтылып жатат. Айрымдар ИИМ УКМКнын ордун басат деген кооптонууга негиз жоктугун, акыркы жылдары материалдык-техникалык база бекемделип, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө жылыш бардыгын белгилешүүдө. Алдыдагы өзгөрүүлөр укуктук тең салмакты бекемдейби же бир борборго топтолгон таасирди күчөтөбү муну убакыт таразалайт.

Чынын айтканда, генерал-полковник чини Ниязбековдун саясий салмагын арттырды. 50 жаштагы Ниязбеков юридикалык жогорку билимдүү. Эмгек жолун Финансы полициясында баштаган. Чүй, Талас, Баткен, Бишкек аймактарында иштеп, ИИМдин Каржы-чарба багытын жетектеген.

Булак: NazarNews

Последние новости