www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ирандын мурдагы президенти Хасан Рухани эч качан мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган эмес».

Мындай билдирүүнү Руханиге жакын өкүлдөр Батыш медиасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменейини бийликтен четтетүү планы тууралуу дооматтар тарагандан кийин жасашкан.

Маалыматка ылайык, Le Figaro жана The New York Times басылмаларында жарыяланган материалдар анонимдүү булактарга негизделген жана “жалган”, “ойдон чыгарылган” мүнөзгө ээ.

Руханинин басма сөз кызматы бул маалыматтарды иран коомчулугунда тынчсыздануу жана ишенимсиздик жаратууга багытталган “психологиялык операция” катары баалап, анын АКШ жана Израилдеги булактар менен байланыштуу экенин билдирген.

Эске салсак, Le Figaro буга чейин булактарга таянып, 2026-жылдын январында Ирандагы массалык нааразылык акциялары учурунда жогорку лидерди бийликтен четтетүү аракети жасалганын жазган. Басылманын маалыматына караганда, бул демилгенин артында Рухани турган жана ал Хаменейинин ыйгарым укуктарын чектеп, кризисти башкарууну кеңири курамдагы аткаминерлерге өткөрүп берүүгө аракет кылган.

Булак: NazarNews

Последние новости