www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын мурдагы башкы прокурорунун орун басары Кубан Адыл уулу 12 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланды. Ал бийликти кулатуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга даярданган деген айып боюнча күнөөлүү деп табылды. Мындай чечимди Аламүдүн райондук соту чыгарды.
Дагы сегиз айыпталуучу да күнөөлүү деп табылып, 8 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылышты.
Эске салсак, 2024-жылы тергөөнүн маалыматына ылайык, жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө турган 17-ноябрда массалык баш аламандык уюштуруп, бийликти кулатууга аракет кылган деп шектелген адамдар тобу кармалган. Алар Бишкек шаарынын чет жакасында спорттук оюндарды өткөрүүнү пландаштырган. Анын алкагында зомбулук аракеттерине чакырык жасоо, антиконституциялык ураандарды көтөрүү, абалды туруксуздаштыруу жана андан ары бийликти күч менен басып алуу максатын көздөшкөнү айтылган.
Ички иштер министрлиги КР Кылмыш-жаза кодексинин «Зомбулук, талап-тоноо, өрт коюу, мүлктү жок кылуу, ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды же жарылуучу түзүлүштөрдү колдонуу же бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Жети адам кармалган, алардын арасында мурдагы башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулу да болгон.
Булак: NazarNews