www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талантбек Солтобаев «Гележек Холдинг» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга министрдин орун басарлары, ошондой эле Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институтунун мамлекеттик ишканасынын жетекчилери катышты. Тараптар жол тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Министр холдинг тарабынан сунушталган демилгелерди угуп, жол курулуш тармагында битум өндүрүшүн өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле министр тиешелүү түзүмдөр менен биргеликте түндүк аймакта да битум заводун куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жол курулуш материалдары менен туруктуу камсыз кылуу, өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу боюнча мындан аркы иш-аракеттерди улантууга макулдашты.