www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 23-февралында Женевага болгон сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ыйык Рамазан айынын башталышына карата БУУга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын башчыларынын катышуусунда кечки тамак уюштурду.
Иш-чараны ачып жатып, Министр Ж.Кулубаев конокторду Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктары, ошондой эле өлкөнүн эл аралык аренадагы демилгелерин илгерилетүү боюнча пландары менен тааныштырды.
Сөзүндө өзгөчө орунду Кыргызстандынын тынчтыкты бекемдөө жаатындагы учурдагы ролу ээледи. Атап айтканда, Министр 2025-жылы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы узак жылдар бою чечилбей келген чек ара маселесинин тынчтык жолу менен жөнгө салынганын эске салды.
Министр ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги ишмердүүлүк тажрыйбасы, анын ичинде тынчтык жана коопсуздук маселелеринде адам укуктарына негизделген ыкмаларды илгерилетүү аракеттери өлкөнүн БУУнун көп тараптуу аянтчаларындагы конструктивдүү ишине өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Иш-чаранын соңунда Министр катышуучуларга көрсөтүлгөн көңүл буруу жана ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.