www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Актоты Раимкулова менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Жолугушууда тараптар түрк дүйнөсүнүн маданиятын, тарыхын жана мурасын сактоо жана жайылтуу багытындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Министр Мирбек Мамбеталиев фонд менен өз ара аракеттенүү жалпы түрк маданий мурасын колдоого жана элдер ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Возможно, это изображение один или несколько человек

Актоты Раимкулова 2026-жылга карата пландалган биргелешкен долбоорлор менен тааныштырып, кызматташтык үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Ошондой эле, Бишкек шаарында өтө турган Түрк маданияты жана мурасы фондуна мүчө өлкөлөрдүн министрлер Кеңешинин III жыйынынын күн тартиби жана биргелешкен демилгелер талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий мурасты коргоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Последние новости