www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги 16 жашка чейинки балдар менен өспүрүмдөргө онлайн-платформаларга катталууга тыюу салууну караган мыйзам долбоорлорун иштеп чыкты.

Бул тууралуу республиканын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Долбоорлор массалык маалымат каражаттары жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында даярдалган.

Казакстандын өкмөтү билдиргендей, демилге эксперттик баалоодон өтүп, коомдук талкууга коюлду. Жаңы чараларды ишке ашыруу үчүн Агартуу министрлиги жана Санариптик өнүгүү министрлиги колдонуучулардын жашын текшерүү механизмин, ошондой эле жоопкерчилик чараларын иштеп чыгышат.

Тыюу салынуучу платформалардын катарына TikTok, Instagram жана Facebook, X социалдык тармагы жана «ВКонтакте» кириши мүмкүн. Ошол эле учурда 16 жашка чейинки балдар WhatsApp жана Telegram мессенджерлерин колдонууга, ошондой эле Roblox жана Minecraft оюндарын ойной алышат.

«Социалдык тармактар балдар үчүн потенциалдуу коркунуч жаратышы мүмкүн, анткени алар буллингдин жана алдамчылык аракеттеринин аянтчасына айланып жатат», — деп Tengri News Казакстандын Маданият министрлигинин демилгеге байланыштуу комментарийин келтирет.

Последние новости