www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлигинде АКШ менен кызматташуунун келечеги жана биргелешкен программаларды өнүктүрүү талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
2026-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигеринин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кыргыз-америка кызматташуусунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алышты.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө америкалык тараптын олуттуу салымы белгиленди, анын ичинде жугуштуу оорулардын чыгышына жооп кайтаруу потенциалын чыңдоо, коомдук саламаттык сактоо программаларын өнүктүрүү жана саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жогорулатуу.