www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан энергетика тармагын модернизациялоо реформасынын алкагында, ошондой эле "Электр станцияларр" ААКы тарабынан Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу иштери активдуу улантылууда.

Учурда Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарга параллелдүү реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан иш 25%га аткарылды.

Ишти аткаруучу Башкы подрядчы – Кытайдын CNEEC компаниясы (2-Пакеттин алкагында). Учурда объектиде 110 адис иштеп жатат.

№1 гидроагрегат

• Адистер жумушчу дөңгөлөктүн камерасын орнотуу жана борборлоштуруу иштерин аткарууда;

• Күч трансформаторун жана көмөкчү жабдууларды орнотууга даярдоо боюнча иштер параллелдүү жүргүзүлүүдө;

• Гидроагрегатта демонтаждоо иштер 100% аткарылды.

№2 гидроагрегат

• Түтүктөрдү тазалоо жана жаңы түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө;

• Турбина шахтасынын металл беттерин лазердик тазалоо жана спиралдык камераны калыбына келтирүү иштери аткарылууда;

• Роторду уюлдарды орнотууга даярдоо жүрүүдө;

• Гидроагрегатта демонтаждоо иштер 100% аткарылды.

Станциянын гидротехникалык курулмаларында реконструкциялык иштер активдүү уланууда. Плотинада параллелдүү цементтөө жүргүзүлүп, скважиналар бурчтан казылып жатат. Жогорку бьефте 542,0 м белгисинде №2 гидроагрегаттын авариялык-оңдоочу жапкычтарындагы бетон демонтаждалууда.

Төмөнкү бьефте №5 жана №6 түпкү суу чыгаруучу оңдоочу жапкычтардын гидроприводдору орнотулуп, андан кийин башкаруу системасы жөндөөгө алынып жатат. Демонтаждалган жабдуулар кампага өткөрүлүп, жаңы жабдуулар орнотуу үчүн станцияга жеткирилүүдө.

Жүрүп жаткан реконструкциянын негизги максаты - электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү, станциянын жабдууларын жаңылоо жана өлкөнүн энергосистемасынын ишин жакшыртуу.

Белгилей кетсек, Үч-Коргон ГЭСинде 2025-жылы №3 жана №4 гидроагрегаттарды реконструкциялоо аяктагандан кийин жалпы кубаттуулугу 180 МВттан 198 МВтка чейин көбөйтүлгөн. Ушул жылы №1 жана №2 гидроагрегаттарды реконструкциялоо аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу 216 МВтка чейин жогорулайт.

 

    

Последние новости