www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев АКШнын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, анын конструктивдүү жана прогрессивдүү мүнөзүн белгилешти. Өзгөчө көңүл өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы өз ара аракеттенүүгө, анын ичинде тажрыйба алмашууга, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана институционалдык потенциалды чыңдоого бурулду.
Тараптар өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, адистерди даярдоону өркүндөтүү, заманбап ыкмаларды жана технологияларды киргизүү, тиешелүү багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар калктын жана аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.