www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда SpaceX компаниясына таандык Starlink долбоору жарым жылдан бери пилоттук режимде сыноодон өтүп жатат. Долбоор ийгиликтүү болсо, жакынкы айларда расмий ишке кириши мүмкүн.
Бул спутник интернети өзгөчө алыскы жана байланыш жетпеген аймактар үчүн маанилүү экени айтылууда. Маселе Адылбек Касымалиев менен SpaceX өкүлдөрүнүн жолугушуусунда да талкууланган.
Ошол эле учурда өлкөдө Starlink расмий иштей элек болсо да, аны бейрасмий түрдө колдонгондор бар. Жеке адамдар жабдыктарды чет өлкөдөн алып келип, сатып же ижарага берип жатышат. Баасы орто эсеп менен 75 миң сомду түзсө, айлык төлөмдөр 50-300 долларга чейин жетет.
“ЭлКат” компаниясынын жетекчиси Нурадил Баясов билдиргендей, азырынча Кыргызстанда Starlink расмий каттоодон өтө элек жана мыйзамдуу абоненттери жок. Бирок көмүскө колдонуу учурлары болушу мүмкүн.
Адистердин пикиринде, Starlink расмий ишке кирсе, өлкөдөгү интернет жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, айрыкча аймактар үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачат.