www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын капитаны Улугбек Умаров каза болду

Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн укук колдонуу тажрыйбасынын улук инспектору, милициянын капитаны Умаров Улугбек Усманалиевич 43 жашында коронавирустан каза тапты. 

Маалыматка ылайык, 1-июль күнү андан коронавирус илдети аныкталган. Маркум 3 күн дене табы көтөрүлгөнүнө карабай иштеп, 5 күн үйдө дарыланып, 3 күн ооруканада жаткан.

Улугбек Умаров 2001-жылдан тартып укук коргоо органдарында эмгектенип келген. 2001-жылдан 2006-жылга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгында эмгектенип, 2006-жылы Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө которулган. Өмүрүнүн акырына чейин аталган бөлүмдө иштеген. Ушул жылдар аралыгында бир топ сыйлыктардын ээси болууга жетишти. Кыргыз милициясынын 80-85-90 жылдык мааракелик медалдары менен сыйланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости