www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте коронавируска байланыштуу ачылган күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жаткан 22 жаштагы студент кыз каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине аны менен чогуу иштеген ыктыярчы, өзүн Бекзат Абдрахманов деп тааныштырган бала билдирди.

Абдрахмановдун айтымында, Адинай Мырзабекова да ал сыяктуу Медициналык академиянын 5-курсунун студенти болчу. Бишкектеги стационарлардын бириндеги абалы орто жана жеңил бейтаптар тейленүүчү “кызыл зонада” аны менен бир команданын курамында иштегенине 11 күн болгон.

14-июлга караган түнү жумуш аяктагандан кийин Мырзабекова эс алганы жатып, ошо бойдон өзүнө келбей каза болгон. “Тез жардам” кызматына алып барышса, ал жакта реаниматолог жок болгондуктан жардам көрсөтүлгөн эмес.

Ыктыярчы бала атайын коргонуучу кийимчен иштөө оор экенин, Мырзабекова мурда-кийин ден соолугуна даттанбаганын, алар иштеген стационарда абалы оор эместер жаткандыктан реанимациялык дары-дармек да, жабдык да жок экенин айтып, курсташ кызын ал жакка жөнөтөр алдында бир сыйра саламаттыгын текшеришсе, балким, оор жумушка салбай, аман калмагын белгиледи:

“Жумушту оордугуна жараша туура бөлүштүрүү үчүн жөнөтөр алдында кимдин кандай оорусу бар экенин текшеришсе болмок экен. Эгер биз Адинайдын саламаттыгы тууралуу маалыматыбыз болсо аны сактап кала алмакпыз. Эч кимибиз билген эмеспиз. Биз бул жакка өз ыктыярыбыз менен келгенбиз. Себеби жумушубуз – биздин жашообуз. Ректорат эч кимди мажбурлаган эмес”",-деди Абдрахманов.

Ал эми,  Данияр Амат аттуу дарыгер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөнкү билдирүүнү жазып чыкты.

"Абдан өкүнүчтүү, жаш экен, энтузиазм жана мекен алдындагы милдет анын ишке чыгуусуна түрткү болгондур. Анан дагы обсервацияларда реанимациялык иш-чаралар үчүн шарт түзүлгөн эмес. Интубациялык мешоктор, амбулатордук каражаттар, ларингоскоп, шокко каршы аптечка да жок. Адамды сактап калуу үчүн негизги атрибуттар жок. Студенттер, ыктыярчыларды ишке чакыруу менен аларды отко салып беришти. Балким, аларды жок дегенде 2 апта окуудан өткөрүү керек эле. Юридикалык жактан көптөгөн суроолор жаралууда. Силер ата-энеңер үчүн жалгызсыңар, бул орду толгус жоготуу", - деген ал өз билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости