www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мьянмада интернет толугу менен өчүрүлдү

Аскердик төңкөрүшкө каршы нааразычылык акциялары токтобой жаткан Мьянманын аймактарында интернет дээрлик толугу менен өчүрүлгөнү айтылууда. Айрым шаарлардын көчөлөрүндө аскерлер ок өтпөс унаалар менен келгенин маалымдап, бул көрүнүштү армиянын оппозицияга каршы катаал чараларды колдонууга даярданып жатканы катары сыпаттаган «ВВС».

1-февралда Мьянма аскерлери бийликти басып алган соң, өлкөдө бир жылга өзгөчө абал режимин жарыялаган. Ошол күндөн бери демократиянын жактоочулары нааразычылык акцияларына чыгып келет. Алар өлкөдө демократиянын орношун жана шайланган лидер Аун Сан Су Чжинин бошотулушун талап кылышууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү аскерлер өз элине «согуш жарыялаганын» билдирди. БУУнун Мьянма боюнча атайын өкүлү Том Эндрюс бийликти басып алган аскерлер өз иштери үчүн жоопкерчилик тартарын айтты жана жай жарандарга каршы аскердик күч колдонуудан баш тартууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости