www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Бириккен Араб Эмираттарынан келген делегация менен жолугушуу өттү.
Жолугушууга министрликтин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу жана доктор Хумайд Аль Кааби баштаган БАЭ делегациясы катышты.
Тараптар Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарба комплексин түзүүгө багытталган инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушууда жогорку өндүрүмдүү асыл тукум малдарды Кыргызстанга алып келүү, аларды багуу үчүн заманбап шарттарды түзүү, ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу жана сапаттуу тоют базасын өнүктүрүү маселелери каралды.
Ошондой эле селекциялык-генетикалык иштерди күчөтүү, заманбап технологияларды киргизүү жана тармак үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча пикир алышуу болду.
Долбоорду ишке ашырууда ветеринардык жана санитардык талаптарды, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарынын нормаларын сактоо зарылдыгы белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары биргелешип карап чыгып, конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга жана кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.