www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Бекболот Турдушевди кабыл албайбы? Расмий жооп

Президент Садыр Жапаровдун жакын арадагы иш пландарында мектептин көгөрүп кеткенин айтып кайрылган окуучу Бекболот Турдушевди кабыл алуу маселеси каралган эмес. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Түп районунун Балбай айылында жашаган сегиз жашар окуучу Бекболот Турдушев социалдык тармактар аркылуу мамлекет башчыга кайрылган. Ал мектептин дубалдары көгөрүп кеткенине байланыштуу аралыктан окуп жатышканын белгилеп, эки кабаттуу жаңы мектеп куруп берүүнү өтүнгөн.

Ал эми бүгүн Бекболот Турдушев "Садыр Жапаровго жолугам" социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирден айткан. Анда ал атасы жана байкеси болуп жолго чыккан кабарлаган.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости