www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малды сыртка сатууга тыюу салган чечим күчүн жоготтубу?

Бүгүн, 15-февралда, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны болду.

Депутат Бейшеналы Нурдинов Айыл-чарба министрлигинин малды сыртка сатууга тыюу салган токтомун жокко чыгарууну сунуштады.

Ал мындай сунушун «фермерлер малын сата албай жатат» деп негиздеди. Ошондой эле токтомдун мыйзамдуулугу тууралуу да кеп салды.

«Базарда эттин баасы 450 сом. Өткөндө мурдагы министр жармаңке өткөрдү, эттин бир кили 420 сомдон сатылды. Ошондо айырма деле жок болуп жатат. Дыйкандардын баары ал малды кенедей торпок кезинен чоңойтуп сатканга чейин абдан көп чыгымга учурашат. Депутаттардын баары сыртка сатууну тыюу тууралуу токтомду жокко чыгарууну суранды», - деди ал.

Жыйынга катышкан министр Аскарбек Жаныбеков Бейшеналы Нурдиновдун сунушун карап, маселени иликтегенден кийин биротоло чечим кабыл алууга сөз берди.

Өкмөт 2020-жылдын ноябрь айында азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу айрым айыл чарба товарларын, анын ичинде малды сыртка сатууга убактылуу тыюу салган.

Ага ылайык жылкы, бодо мал, кой-эчки, үй канаттуулары чет мамлекеттерге сатууга 6 айга чейин тыюу салынган болчу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости