www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мексиканын биринчи аял президенти Клаудия Шейнбаум коомдук иш-чара учурунда мас кишинин жосунсуз аракетине туш болду.
Окуя 4-ноябрда Мехиконун тарыхый бөлүгүндө, президенттик сарайдын жанында болгон. Социалдык тармактарда тараган видеодо президент эл менен сүрөткө түшүп жаткан учурда белгисиз эркек артынан келип, ийнинен кучактап, өбүүгө аракет кылганы көрүнөт. Шейнбаум колун түртүп жиберген соң, жансакчылар кийлигишкен.
Эртеси күнү мамлекет башчы бул боюнча арыз жазып, мындай жосунду кескин айыптады.«Эгер президентке ушундай мамиле кылышса, анда жөнөкөй аялдар кандай корголот?» — деди ал.
Президент Reforma гезитин окуянын сүрөттөрүн жарыялаганы үчүн сынга алды. Аялдар иштери боюнча катчылык да билдирүү жасап, медиа өкүлдөрүн зомбулукту чагылдырганда этиканы сактоого чакырды.
Мехико полициясы кийин 33 жаштагы Уриэль Ривера аттуу кишини кармаганын билдирди. Ал ошол эле күнү дагы эки аялга кол салган деп шектелүүдө. Басылмалар анын мас же баңгизаттын таасири астында болгонун жазышты.
Клаудия Шейнбаум — Мексиканын тарыхындагы алгачкы аял президент. Бул окуя өлкөдө аялдарга карата зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Расмий маалыматтар боюнча, 2024-жылы Мексикада 821 аял фемициддин курмандыгы болгон, 2025-жылдын сентябрына карата дагы 501 учур катталган.
Президенттин коопсуздугу боюнча да суроолор жаралууда. Бирок Шейнбаум өзүнүн “элге жакын болуу” саясатын өзгөртпөй турганын айтып, чиновниктер эл менен байланышта болушу керектигин белгиледи.