www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
AFP агенттигинин жергиликтүү өкмөт өкүлдөрүнө шилтеме берип билдиргенине караганда, "Калмаэги" тайфуну Филиппиндин борбордук жана түштүк аралдарын каптап, кеминде 140 адам каза болуп, 127 адам дайынсыз жоголгон.
Филиппиндин Улуттук Жарандык Коргонуу Агенттиги каза болгондордун санын 114 деп ырастады. Бирок, Себу провинциясынын расмий өкүлдөрү дагы 28 адам каза болгонун билдиришти.
Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады.
"Калмаэги" тайфуну катуу шамалдарды жана катуу толкундарды алып келди. Жээктеги аймактардан дээрлик 400 000 адам эвакуацияланды. Толкундар 4 метрге жетти. Тайфун азыр Вьетнамга карай жылууда.
Филиппинге жыл сайын орточо эсеп менен ар кандай күчтөгү 20 тайфун сокку урат. Алардын саны 2025-жылы көбөйө турганы айтылган. Ал эми жылдын аягына чейин дагы 3-5 тайфун күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, мурда Филиппиндерде "Калмаэги" тайфунунун кесепетинен кеминде 66 адам каза болгону кабарланган.
Мохичехра Кадамова, Ташкен