www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медицина кызматкерлерине компенсация төлөндү

«Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө тартылган медициналык кызматкерлерди стимулдаштыруу максатында компенсациялык төлөмдөрдү чегерүүгө 377,5 млн сом бөлүндү», – деп билдирди КР вице-премьер-министри Аида Исмаилова.

Жалпысынан 3 айда 259,1 млн сом төлөнүп берилди.

Март айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеп жаткан 6 438 медкызматкерге 37,7 млн сом төлөнгөн.

Апрель айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеп жаткан 10 061 медкызматкерге 111,6 млн сом кенемте төлөнгөн.

Май айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеп жаткан 8891 медкызматкерге 109,8 млн сом кенемте төлөнгөн.

Июнь айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеп жаткан 10 237 медкызматкерге 109,6 млн сом кенемте төлөнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости