www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда таксисттердин 93%ы өз алдынча обочолонгон мезгилде кирешелеринин төмөндөшүнө туш болушкан. Мындай тыянакты Qiwi аналитиктерине таянып, "Известия" жазып чыкты.

Жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын 41 пайызынын карантин маалында тапкан каражаты 50 пайыздан 80 пайызга чейин кыскарган. Ал эми 17 пайызында 80 пайыздан өйдө азайып кеткен. Респонденттердин көбү (70%) обочолонуу мезгилинде аз-аздан иштеп турганын айтышкан. Ошол эле убакта айдоочулардын 21 пайызы жумушунан таптакыр кетип калган.

"Известияга" такси сервистеринин бири дагы айдоочулардын кирешеси азайгандыгын тастыктап, апрель айынын биринчи жумасында эле чалуулардын саны орто эсеп менен эки эсеге кыскарганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости