www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо мекемелерине жеке коргонуучу каражаттарын сатып алууга 300 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

"Өткөн жумада Каржы министрлигинин жалпы төлөмдөрү 604,7 млн сомду түздү:

КР ССМ – 110,8 млн сом, анын ичинде 17,8 млн сом – очоктордо иштеген саламаттык сактоо мекемелеринин медкызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр жана ПЦР-анализге керектелүүчү каражаттарды алууга 93 млн сом бөлүнгөн.

Кычкылтек концентраторун алууга – 50 млн сом.

ММКФ очоктордо иштеген саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр – 91,7 млн сом.

Жеке коргонуу каражаттарын алууга – 300 млн сом.

Обсервацияда иштеп жаткан ӨКМ кызматкерлерине – 32, 7 млн сом.

Мигранттар менен иш алып барууга ТИМге – 15 млн сом.

Обсервацияда шарттардык уюштуруу үчүн ӨКМге- 52,9 млн сом", - деди Жээнбаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости