www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Вена шаарында өткөн Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Альянстын 26-конференциясына катышуунун алкагында Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) Башкы директору Сюзанна Рааб менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) Башкы директору Сюзанна Рааб менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын ICMPD менен кызматташуусунун жогорку маанилүүлүгү белгиленип, аталган уюм натыйжалуу, тең салмактуу жана адам укуктарына багытталган миграциялык саясатты илгерилетүүдөгү негизги өнөктөш катары каралары айтылды.

Кыргыз тарап Прага жана Будапешт процесстерине, ошондой эле БОМКА демилгесине катышууга берилгендигин ырастап, миграциялык саясатты ишке ашыруу, институционалдык потенциалды чыңдоо жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо багыттарында кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, Ош шаарында Миграциялык ресурстук борбор түзүү боюнча ICMPD тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо жана ушуга окшош демилгени Бишкек шаарында ишке ашыруу маселелери өзгөчө көңүл борборунда болду. Тараптар ошондой эле практикалык окутууларды өнүктүрүү жана миграция, адам сатууга каршы аракеттенүү жаатындагы билим берүү программаларына эл аралык эксперттердин катышуусун кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Төраганын биринчи орун басары Медербек Алиев Кыргыз Республикасынын аймагында ICMPDнин өкүлчүлүгүн ачуу демилгесинин ишке ашырылышы боюнча жетишилген жыйынтыктар тууралуу маалымат берип, өлкө Борбордун ишмердүүлүгү үчүн ишенимдүү аймактык аянтча болууга даяр экенин айтты.

Жыйынтыгында тараптар миграциялык инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү программаларын кеңейтүү жана диаспоралык демилгелерди илгерилетүү багытында өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Последние новости