www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 21-апрелинде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунун аймактарында «Коопсуздук-2026» аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу салтанаттуу түрдө башталды. Бул масштабдуу иш-чара өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө, мамлекеттик жана аскердик түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Машыгуунун Каракол шаарындагы расмий ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы – Коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Тариэль Отонбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов жана Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов жана район акимдери катышты.
Өз сөзүндө генерал-майор Тариэль Отонбаев «Коопсуздук-2026» машыгуусу аскердик башкаруу органдарынын жана аймактык коргонуу системасынын даярдыгын жогорулатууда туруктуу жана натыйжалуу практика болуп калганын баса белгиледи. Ал жергиликтүү мамлекеттик органдардын активдүү катышуусу бардык түзүмдөрдүн ишинин шайкештигин камсыздап, жалпы натыйжалуулукту арттырарын өзгөчө белгилеп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө полковник М.С. Мамбетов Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жана аскердик абал киргизилген шартта андан аркы аракеттерди уюштурууга багытталган оперативдик директиваны Бириккен аскерлер тобунун кол башчысы, полковник А.Е. Тынаевге расмий түрдө тапшырды. Бул документтер машыгуунун кийинки этаптарын так жана координациялуу жүргүзүүгө негиз болуп кызмат кылат.
Салтанаттуу бөлүктөн кийин машыгуунун практикалык этабы башталып, анын алкагында аймактарда аскердик абал режимин камсыз кылуу, аймактык коргонуу иштерин уюштуруу, ошондой эле куралдуу кагылышууларды локалдаштыруу жана мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү нейтралдаштыруу боюнча биргелешкен аракеттер иштелип чыгууда.
Белгилей кетсек, «Коопсуздук-2026» машыгуусуна Каракол шаары өзгөчө жоопкерчилик менен даярдык көрдү. Резервдеги 125 аскер кызматчысы үчүн жатакана уюштурулуп, мобилизациялык машыгууларды өткөрүүгө бардык зарыл шарттар түзүлдү. Бул иштер Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун көзөмөлүндө жүргүзүлүп, шаар тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулганы өзгөчө белгиленди. Коргоо министринин орун басары даярдык иштерин жеринен көрүп чыгып, оң баасын берип, машыгуу иштериндеги айрым керектүү жагдайларды жакшыртуу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрүн берди.
Ошондой эле ал резервдик ротанын жоокерлерине жана офицердик курамга кайрылып, машыгууда ийгиликтерди каалап, мекенди коргоо ар бир жарандын ыйык милдети экенин өзгөчө баса белгиледи.
Машыгуунун планына ылайык, ага Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрү, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле резервдик түзүмдөр кеңири катышууда.
Окуу машыгуунун жүрүшүндө катышуучулар аскердик абал киргизилген шартта кырдаалды турукташтыруу боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышат. Анын ичинде резервдик күчтөрдү чакыруу, стратегиялык объекттерди кайтаруу жана коргоо, блок-бекеттерди уюштуруу сыяктуу маанилүү иш-чаралар жүзөгө ашырылат.
«Коопсуздук-2026» машыгуусу 2026-жылдын 23-апрелинде жыйынтыкталып, анын жыйынтыгы өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодо жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатууда маанилүү тажрыйба болуп калары күтүлүүдө.