www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

150 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен И.Ахунбаева атындагы КММАнын окутуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-октябрь күнү, УКМК тарабынан КР КЖК 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (ири өлчөмдө опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын «Д.Н.Д.» (1987-ж.т.) аттуу окутуучусу окуу жайдын студенттеринен 150 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Андан сырткары, кармоо учурунда усулдук канаада «А.А.» (2002-ж.т.) аттуу окуу жайдын студенти болгон. Ага карата болгон жеке тинтүү учурунда жанынан 100 000 сом акча каржаты табылган. Белгилей кетсек «А.А.» алдын ала суракта акчалардын өзү окуган окуу тайпасындагы студенттерден чогултулганын, ошондой эле алдыдагы кышкы сессия мезгилиндеги экзамендерди оң жагына тапшыруунун кепилдигин камсыз кылуу максатында акчаны «Д.Н.Д.»га берүүнү көздөгөндүгү тууралуу көрсөтмө берген.

Буга чейин, УКМК тарабынан жогорку билим берүү системасындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш алып баруу учурунда «Д.Н.Д.» кызматтык абалынан пайдаланып, студенттерден экзамендердин оң жыйынтыгы үчүн акча талап кылып, эгер бербесе зачетторду тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, экзаменден алган упайларын төмөндөтүп салаарын айтып коркуткандыгы аныкталган. 

Белгилей кетсек, алынган ыкчам маалыматтарга ылайык «Д.Н.Д.» студенттер менен иш жүзүндө сабактарды өткөрбөгөн жана бекитилген окуу планын толук аткарган эмес. Мындан тышкары, ал пара алуу максатында студенттердин экзамендик упайларын атайылап төмөндөткөн.

Жыйынтыгында, кармалган «Д.Н.Д.» КР КЖК 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

       

Последние новости