www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз мыкты тажрыйбабызды союздаштар менен бөлүшүшүбүз керек. Бул туурасында Россия президентинин Аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов айтты.

Ал КРСУ менен Санкт-Петербург политехникалык университетинин, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун кызматташуусу боюнча макулдашууга кол коюлган аземге катышып, пикири менен бөлүшкөн.

Маслов Санкт-Петербург политехникалык университетинин жетекчилигине жогорку квалификациялуу инженерлерди даярдоо боюнча өтүнүчкө оң жооп бергенине ыраазылык билдирди. Өкүл экономика, анын ичинде энергетика, тоо-кен тармагында кызматташуу боюнча эки тараптуу олуттуу программалар бардыгын эске салды.

"Биз мыкты тажрыйбаларыбызды, колубузда болгон, иштелип чыккан ыкмаларыбызды союздаштар менен бөлүшүшүбүз керек", — деген Маслов.

Ал Санкт-Петербург политехникалык университети КРСУнун инженерлерди даярдоосуна салмактуу салымын кошорун белгиледи.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости