www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азия чемпионаты: Бейшекеев беттешин жеңиш менен баштады

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Раззак Бейшекеев (67 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатындагы биринчи беттешин жеңиш менен баштады.

Бейшекеев таймашты квалификациялык баскычтан баштап, биринчи беттешинде монголиялык балбан менен күч сынашты.

Биринчи бөлүктөгү беттештин жүрүшүндө атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн Бейшекеевге 1 упай берилип, монголиялык спортчу партерге жаткырылды. Бейшекеев ыкма жасайын деп жатканда, атаандашы бутка туруп кетти. Ошол учурда эки балбан кармаша кетип, Бейшекеев атаандашын көтөрүп чапты. Ал үчүн ага 4 упай берилди.

Андан кийин Бейшекеев атаандашынын аркасына өтүп, 2 упай алып, монголиялык балбанды кайра көтөрүп чапты. Бейшекеевге дагы 4 упай берилип, кармаш 11:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Будак: NazarNews.kg

Последние новости