www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда тартылган популярдуу «Маша менен Аюу» мультсериалы Улуу Британияда саясий талаш-тартышка себеп болууда. Бул тууралуу The Guardian басылмасына таянып kznews.kz жазып чыкты. 

Тактап айтканда, Британиянын 50 депутаты Маданият министрине атайын кат жолдоп, мультфильмди видеоплатформалардан алып салууну талап кылышкан. Талашка Netflix компаниясынын аталган мультсериалдын дагы эки сезонун сатып алып, аны дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсүндө көрсөтүү чечими түрткү болгон. 

Британ депутаттарынын пикиринде, балдарга арналган бул чыгармада советтик аскердик символика жана Орусиянын мамлекеттик идеологиясын кыйыр түрдө жайылткан көрүнүштөр кездешет. Алар өзгөчө эки эпизодго көңүл бурушкан: биринде Маша танкисттин шлемин кийсе, экинчисинде НКВД кызматкерлеринин баш кийимине окшош буюм менен көрсөтүлгөн.

Депутаттардын айтымында, мындай көрүнүштөр балдардын аң-сезиминде советтик аскердик атрибуттарды кадимки көрүнүш катары кабыл алууга таасир этиши мүмкүн.

Эске салсак, «Маша менен Аюу» дүйнөдөгү эң популярдуу балдар мультсериалдарынын бири болуп саналат. Анын эпизоддору YouTube платформасында миллиарддан ашуун көрүлсө, айрым сериялары 4,6 миллиарддан көрүүчүнү топтогон.

Последние новости