www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

---Марс мырза, Кубатбек Бороновдун өкмөт башчы болушун кандай кабыл алдыӊыз жана анын ишмердүүлүгүнөн эмнелерди күтөсүз?

--Боронов  парламенттик шайлоого чейин негизинен шайлоо иштери менен алек боло турган техникалык өкмөттүн техникалык фигурасы болуп калды. Бийлик бул кишини шайлоону жакшы уюштурат деген ишеним менен ушул кызматка бекитти. Парламент болсо президент кандай кааласа, кимди кааласа, ошол адамды  сөз жок эле бекитип берет. Абылгазиев күчтүү аппарат кызматкери болгону менен реформатор эмес да. Бийлик күзгү шайлоодон кийин өкмөт башчы кызматына күчтүү реформаторду алып келүү аракетин көргөнсүп жатат. Антпесе, абал абдан эле кыйындап кетпедиби. Бороновдун  экономикалык маселелерди чечкенге шаасы де жетпейт. Анын негизги кыска убактысын шайлоо алат.

--5 млрд. сом турган  жыштыктарды сатуу иши боюнча негизги күнөөлүү адамдар жоопко тартылабы?

--Толугу менен жоопко тартылат деп айтуу кыйын. Бул иш эми эл аралык деӊгээлде болуп калды го. Бул иш Казакстандын компанияларына тиешелүү болуп, сөз тийип жатпайбы. Андыктан   тереӊ териштирүү болбойт го. Ансыз деле Казакстанда экономикалык блокадалар болуп, кыйын учур болууда. Менимче, жыштык боюнча коррупция деген бул иш Абылгазиевди кызматтан кетирүү боюнча шылтоо эле болчу. Биздин сотторду го билесиздер да. Мындай иштин аягы эл каалагандай жыйынтык менен бүтөт деп айта албайм. Көпкө созулуп, негизги күнөөлүү чоӊ фигуралар жоопко деле тартылбай калышы толук мүмкүн.

--Саясый бирикмелер боюнча оюӊузду айтсаӊыз.  Текебаев, Сариев, Момбеков ж.б.

--Бул саясатчылардын бириккени бийликтин долбоору эмес. Булар бийликке конструктивдүү оппозиция катары биригишти. Жарандык коом буларды колдойт. Азырынча булардын  мүмкүнчүлүгү бар. Бийлик буларды оюндан чыгарууга аракет кылбайт деп да айтуу эрте. Бийликчил 3-4 партия шайлоого катышары күтүлүп жатат. Бирок булардын партиясы аларга каршы турган негизги партиялардын бири болуп калышы да ажеп эмес. Бул жагын эми биз шайлоодо көрөбүз. Алмамбет Шыкмаматов, Алтынбек Сулаймановдор да биригип, күч топтоп жатышыптыр. Шайлоого жакын ушундай бирикмелер көп болот.  “Чоӊ казат” менен Ташиев, Мадумаровдордун сүйлөшүп жатканы боюнча да сөздөр айтылууда. Бирок баары тууралуу азыр так баса белгилеп, андай, же мындай деп айтуу кыйын.

--“Чоӊ казат” коомчулуктун колдоосунан ажырап баратат…

--Ооба. Алар башындагы темпти кармашкан жок. Барган сайын темп түшүп баратат. Башында Жумалиев сыяктуулардын мыйзамсыз байыганын катуу айтып чыгышкан. Кийин  кайра айткан сөздөрүнөн кайта башташты.  “Чоӊ казатчылардын” башындагылар өздөрү укук коргоо тармактарында иштешкен да. Алардын чоӊ саясатта көп деле тажрыйбасы жок да.

--Жаӊылабасак, сиз мурунку шайлоолордо  Бабанов менен убагында иштешкенсиз да. Ал кишини жакшы билесиз. Саясаттан кеткенин жарыялаган саясатчы сөзүнө турбай кайра шайлоого бара турганын кыйытып айттырып, аракет кылып жатканы айтылды…

--Бабановдун чоӊ саясаттан азырынча кетип калышы кыйын го. Мүмкүн бул шайлоого катышуу аракетин көрүп жаткандыр. Бабановдо өзүн саясатта реформатор катары көрсөтүү аракети күч да. Азыркы бийлик деле ал жагынан кабардар. Балким, Бабановду Россия колдоп, сүрөөнгө алат. Мындан тышкары өзүнүн чоӊ долбоору бардыр. Азырынча бул багыттар боюнча саясый карталар ачыла элек. Эгер Бабановду Россия бийлиги колдоп койсо, ал саясатка мурункудай эле аралашып, өкмөт башчы болуу аракетин көрөт.

--Буга чейин Бабановго козголгон бир нече оор кылмыштарын эстен чыгарбашыбыз керек да…

--Бул эми андай деле чоӊ маселе болбой калат го. Саясый кызыкчылык үчүн андан да чоӊ иштерди жайгарып чечип коюшат. Андыктан андай иштерди деле бат эле унуткарышат. Батукаевдин иши боюнча да иштер кандай жүрүп жатканын байкап жатпайбызбы. Чынында бийликтин айласы кетип турат. Президенттин  мөөнөтү бүтөрүнө 3 эле жыл калды.  Буга чейинки 3 жылда көп нерсеничеч албады. Кийинки 3 жыл, артта калган 3 жылдан да оор болот. Ошон үчүн бийлик түндүк жактан өкмөттүн ишин алдыга жылдыра турган реформатор саясатчыны алып келиши керек. Россиядагы абалды деле көрүп жатасыздар. Алар мурункудай союздук мамлекеттерди түзүү аракетинде болуп жатканы менен Белорусия катуу сынга алып жатат. Казакстан болсо ЕАЭБди сынга алып жатканын угуп жатабыз. Эгер Россия колдоп, өзүнүн капиталдарды алып келсе жакшы болмок деген ойлор бар. Бабанов өзү реформа жасаганга чечкиндүү аракеттерди жасамак…

--Сиз  эми айлантып келип эле Бабановду айтып жатасыз. Кыргызстанда андан башка киши жокпу? Бул адам Акаев, Бакиев, Атамбаев менен да иштеп өзүн көрсөтүп, эмнеге жөндөмдүү экенин ачыктаган. Бул адамга мамлекеттин эмес, жеке керт башынын кызыкчылыгы жогору экенин эл жакшы билет. Сиз да билесиз?

--Туура. Бирок чоӊ саясат деген бар да. Чоӊ саясатта андай нерселер көп деле эске алынбай калат. Силер муну да унутпагыла. Азыр өкмөттө такыр акча жок да. Экономика улам артка кетип жатат. Орто бизнес, майда бизнес деген күзгө чейин  мындан да оорлойт. Бийлик болсо коронавирус күчөп жатат деп кайра карантин киргизүүнү пландап жатат. Өкмөттө эл көтөрүлүп, митингге чыкпасын деген кооптонуу бар.

--Ошондо Кыргызстанды саздан Бабанов гана суруп чыгат деген сөзгө эл ишениши керекпи? Анын буга чейинки саясатта жасаган бүт былыктарын унутуп салып дегендей…

--Жок, жок. Мен антип айтпайм. Болгону мындайга логика түртүп жатат. Силер айткылачы, бизде реформа багыты менен кимдер иш алып бара алат? Суракматов, Асырандиев дейли, бирок алардын потенциалы Бабановдукуна жетпейт. Туура, алар деле өз тармактарында жакшы иштегенге аракет кылып жатышканы менен өкмөттүн иши алар үчүн оор болуп калат. Бабановду өкмөт башчылыкка алып келүү боюнча сунушту бир жыл мурун айткам. Бирок бийлик коркуп койду. Андай кадамга барбады. Себеби, анын аброю көтөрүлүп кетпесин да чочулашты да.

--Жээнбеков Бабанов менен кантип иштешмек эле? Ажо шайлоодо Бабановду: “коррупцияны сенден баштайм” деп катуу сынга алган. Эми ал сөздүн баарынан кайтып, кайсы жүзү менен Бабановду өкмөт башчы кылмак эле…

--Бул айткаӊар туура. Президент ошондой сөздөрдү айткан. Бирок “35 коррупционерди кустурам” дегени менен ал сөздөрү толук  ишке ашпай эле турат да. Анын үстүнө Бабановдун бир кылмыш иши кыскарды.  Чоӊ саясаттын оюндары да чоӊ болот. Мурун антип айткан, минтип айткан дегендер унутта деле калып кетет.

--Марс мырза, сиз эми буга чейин шайлоолордо Бабановго кеӊеш берип иштеп жүргөнсүз. Мамилеӊиз бар. Ушундан улам, башкаларды айткыӊыз келбей жаткандыр…

--Мен шайлоодо Бабанов менен иштешкем. Азыр аны менен таптакыр иштешпейм. Себеби, шайлоолордо берген убадсына так турган жок. Реформаторлук маселеге келсек, азырынча мен башкаларды көрө элекмин…

--Жакында Бабанов эжеси каза болуп, 300гө жакын адамды ресторанга чогултуп куран окутту. Коронавиурс күчөп, 50 кишиден ашык чогулбагыла деп тыюу салып жатса, мурда өкмөт башчы болуп жүргөн адам ушундай оор учурда да жеке кызыкчылыгын ишке ашырды.  Сизди ошол куранга чакырдыбы?

--Жок. Мени чакырган жок. Бабанов буга чейин саясаттан кеттим деп жар салган да. Эми болсо пандемия учурунда  жанагындай тыюу салган эрежелерге карабай саясатчылардын көбүн чакырып, эжесине куран окутканы да жөн жерден эмес. Бул азыр ачыкка чыгып, саясатта тымызын болсо да өз аракетин көрүп баштады десек болот. Балким, анын артында Россия бардыр. Эми азыр мунун баары логика. Кудай буюрса, жакын арада баары ачыкка чыгат.

Булак: Багыт.кж

Последние новости