www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүгө кошумча 121,1 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу аталган фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эл аралык валюта фондунун аткаруучу кеңеши Ыкчам каржылоо инструментинин алкагында Кыргызстанга 80,7 млн доллар, Ыкчам насыялоо механизминин алкагында 40,4 млн доллар каражаттын берилишин жактырды.

Эл аралык валюта фонду экинчи ирет Кыргызстанга акчалай каражат бөлүп жатат.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде ЭВФнын аткаруучу кеңеши Кыргызстанга 120,9 млн доллар бөлүп берүүнү жактырган. Андан кийин 6-апрелде ыкчам каржылоону эки эсеге көбөйтүү боюнча чечим чыккан.

Коронавируска каршы күрөшүүгө Кыргызстанга насыялык ресурстардан бөлүнгөн акча каражаттын суммасы 242 млн долларды түздү. ЭВФ тарабынан көрсөтүлгөн ыкчам колдоо өлкөнүн саламаттык сактоо жана экономика тармагына келтирилген зыянды жоюу боюнча иш-чараларды каржылоого багытталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости