www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын, котормочу, публицист Марк-Абай Ааматов маркум Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовду эскерип ырын  арнады.

ЭЛМИРБЕК МЕНЕН ЗАЙЫРБЕК

Элим деп күйүп, кыргыз деп башын сайгандар,
Элмирбек менен Зайырбек эсил, кайрандар,
Жаш эле туруп кеттиңер таштап Жалганды,
Жараткан жалгап, Жаннатын берип жай камдаар?!.

Өмүрдө жүрсө уурулар менен, кескилер,
Жүз жашайм деген санаадан алыс эскилер,
Жараткан өзү чакырык берген сыяктуу,
Жаш эле туруп жарыш-ы-ы-п өтүп кеттиңер!..
Эх, силер!..

Кыргыз деп эми ким ырдайт, жазат арманды,
Жүрөгүм ооруп табалбай турам аргамды,
Ээрчишип кеткен эсилдер Жолон, Турардай,
Ээрчишип кеткен экөөңө журтум таң калды!..

Айтылаар ыры, жазылаар ыры бүткөндөй,
Акындар өттү Бейиштин эли күткөндөй,
Жан дүйнөм азыр жабырка-а-п турат, кантейин,
Чагылган чарт деп төбөмө келип түшкөндөй!..
Эх!..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости