www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Эл артисти Бек Борбиев ак таңдай акын, маркум Элмирбек Иманалиев жана акын, журналист, маркум Заирбек ажыматов тууралуу билдирүү жазып чыкты.

“Бул посту жазышым, жазбашымды билбей баштадым. Урматтуу чыгармачылыкта жүргөн менин коллегаларым он күн болбой экинчи чоң өнөр ээси, курч калемдуу акындан айрылып калдык. Албетте, элибизде сөз бар, “өлгөндүн өзүнүн шору деген”, балким туурадыр. Бирок, бул эки жоготуу тен орду толгус болуп турбайбы. Элмирбек, Зайырбек экөө тең эми бышып, такшалып, акылына кирип, элине шедеврлерди тартуулай турган учуру эмес беле. Балким, дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармаларды жаратышмак... Ооба, буга чейинки чыгармалары деле элибизде классика болуп далай кылымдар жашаары шексиз, бирок белдери эми катып, күчкө толгон кездеги дагы улут унгусуна айланаар чыгармаларын укпай калбадыкпы. Ким күнөөлү? Элби? Мамлекетпи? Жок. Бул эки иним мени чырмалган ойлорго салып кетти, муунумду калтыраткан кайгыга батырып кетти.

Азыр экөө тирүү болсо, экөөнү тизип алып, өзүңөрдү карагыла, ден соолук баарынан улук, спорт менен машык, прафилактикалык дарылануу жасап тур деп урушмак элем. Жараткан да каранганды карайм, сактанганды сактайм дейт экен. Жүзгө чыгалы деп аткан жокпуз, ошол эле 70,80 жаш буйрусун, ташта калемди, тоого чык, журокту, нервти эс алдыр демек элем. Демек элем, бирок ал экөө жок эми... Ооба, чыгармачыл адамдын ички дүйнөсү башкача. Тез таарынат, тез эле болбогон нерсеге капа болот, күлкү менен ыйдын ортосундагы чел кабыгы өтө жука. Орусча айтканда депрессияга да өтө уязвимый калк экенибизди окумуштуулар айтып жүрүшөт. Өзүңөрдү карабайт беленер Элмирбек, Зайырбек...?

Албетте, эми бул сөздөрдү укпайсыңар, мен кеч айтып, каңырыгым түтөп олтурам. Бирок, бул сөздөрүмдү азыркы аманчылыкта жүргөн менин ини карындаштарым угуп, куржунуңарга салып аласыңар деп ишенем. Душманыңды жеңем десең, андан узак жашап гана жеңе аласың. Мен курактуу өнөрпоздор 90- жылдары эл аралап, тоо аралап, ысык суукта калып көп ден соолук жоготконбуз. Эми да болсо өзүңөрдң карагыла коллегалар. Ал эми азыркы заманда эч кайсы өнөрпоз 40 жашында өлгөнгө акысы жок. Тирилик кылам десен түгөнбөйт, жумуш өлгөндо гана бүтөт. А өмүр, ден соолук табылбайт. Баарыбызга кудай ден соолук берсин, оорубагыла, ооруну жолотпогула Кош иничектерим, баарыбыз бара турган жайга кеттинер
P. S. Достор, бири бирибизди тирүүлүктө баркташалы”,-деп ырчы жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости