www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Диплому жасалма экени айтылып мандатынан ажыратылган Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловдун парламентте жүргөнү сынга алынып, кызуу талкууланып жатат.

Сыягы, жасалма диплом менен эки жыл иштеп, мамлекеттин акырынан "жем жеп" жемсөөсүн толтуруп көнгөн жерди кыялбай, коштошкону барса керек. 

Арийне, Кыргызстан мыйзамды сыйлаган, укуктук нормаларды сактаган өлкө катары эсептесек, Фархат Исмаилов мандатынан эле ажыратылбастан жоопкерчилик дагы тартышы зарыл.

Анткени, эки жыл бою жасалма диплом менен (бул кылмыш да) мамлекеттен миллиондогон айлык алып, депутаттарга каралган жеңилдиктерди колдонуп, элди, мамлекетти алдап келди да. Андыктан, эң кур дегенде буга чейин мамлекеттен алган каражатты тыйынына дейре өлкө казынасына төгүп берүүгө тийиш. Мандатымды тапшырдым, болду бүттү деп басып кеткен жарабайт.

Бул жагдай дагы бир диплому жасалма делип мандатынан ажыратылган Фарходбек Алимжановго дагы тиешелүү экенин эске салабыз.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости