www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш министрлиги тарабынан Манас шаарында 5200 орундуу заманбап борбордук спорт сарайынын курулушу жүрүүдө. Бул аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Башкы планга ылайык, спорт сарайынын жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. Анда төрт кабаттуу административдик имарат, бассейн, машыгуу аянтчалары, VIP коноктор үчүн атайын орундуктар, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн аянтча, медициналык пункт, тамактануучу жана унаа токтотуучу жайлар каралган.

Курулуш-монтаждоо иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарууда. Учурда объектте курулуш иштери активдүү улантылып, белгиленген графиктин негизинде жүргүзүлүүдө.

Жаңы спорт сарайы пайдаланууга берилгенден кийин шаар тургундары үчүн ири спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

Последние новости