www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Нью-Дели шаарында “Манас” эпосу хинди тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, котормонун бет ачары “Индия – Борбор Азия” эл аралык илимий конференциясынын алкагында өткөн. Эпосту аталган тилге которууну Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов колдоого алып, профессорлор Рамакант Двиведи жана Хем Чандра Пандейлер ишке ашырышкан.
Ал эми аталган конференция 25-26-март күндөрү өтүп, ага Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов, мурдагы элчиси Ирина Оролбаева, “Манас” улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы катышкан.
“Манас” эпосунун хинди тилине котормосу эл аралык диалогго олуттуу салым катары бааланып, академиялык изилдөөлөргө жаңы жолдорду ачат”,-деп айтылат маалыматта.