www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тиешелүү тескемелерге ылайык өлкөнүн бир катар райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары кызмат орундарынан бошотулду, аны менен катар дайындоолор болду. 

Азамат Маматжанов Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулду. 

Асел Сансызбаева мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары болуп дайындалды. 

***

Топчубек Эшбаев Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулду. 

Махабат Токуева Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары болуп дайындалды.  

***

Данияр Малабеков Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулду. 

Ниязбек Козуев Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары  болуп дайындалсын.  

***

Канышай Кадырова Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары болуп дайындалды. 

Последние новости